Жайнайсың - Single

Жайнайсың

Кубатбек Тургумбаев

Жайнайсың!
Сен аккуумдай арбайсың.
Жан дүйнөм өрттөнүп, өмүрдү өткөрөм туйбайсың.
Билбейсиң, сагынып жүргөнүмдү.
Түбөлүк өзгөрбөй күткөнүмдү.

♫ кайырма
Жамгыр болуп, жаз менен келгендей.
Жаным ооруйт, сен кеттиң бир келбей.
Жалаң арман, айыкпас сезимде.
Жаным эми биз кеттик кезикпей.

Айдайсың!
Сен асман толо жайнайсың.
Жылт этип, азыр сен ким менен жылдыздай жайнайсың.
Сезбейсиң мен дале күткөнүмдү.
Көз жашым көп жылдар төккөнүмдү.

♫ кайырма х2

Сөзү: Алтынбек Алымов
Обону: Кубатбек Тургумбаев
Аранжировкасы: Кубатбек Тургумбаев
14 январь 2020 жыл